Коронавирустан айыгып чыккандар үй шартында туура тамактануусу зарыл. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамактануу гигиенасы боюнча санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева брифингде билдирди.

Анын айтымында, эң биринчи, жарандардын тамактануусунда жашылча-жемиштердин көп болушу.

«Күнүнө 500 граммдан кем эмес жашылча-жемиштерди организм кабыл алышы шарт. Андан сырткары, 150 граммга чейинки тамакка кошуучу чөп-чарларды пайдалануу зарыл. Ал инфекциядан жабыркаган организмди эң керектүү витамин жана микроэлементтер менен камсыз кылат. Чөп-чарлардын курамында С витамини дагы бар. С витаминин күнүнө 900 миллиграммдан 1,5 граммга чейин көбөйтүү керек. Ошондой эле ачытылган капустада ал толук түрдө жакшы сакталат«, — дейт ал.

Сатыбалдиева тамак-аштын аз туздуулугу организмге маанилүү болгонуна токтолду.

«Организмге 7-9 граммга чейин туз керектелсе, ооруган адамдар 5 граммга чейин азайтуусу сунушталат. Туздалган, ышталган балык, эт азыктарын, даяр азыктардан баш тартуу керек. Аны менен бирге шекер жана углеводдуу азыктарын да азыраак колдонуу шарт. Суюктукту чектөө: күнүнө 1 – 1,5 литр суу ичсе болот. Дене табы көтөрүлгөн болсо, анда 2 литрге чейин көбөйтсө болот. Бөлмө температурасындагы таза суу ичүү зарыл», — деп белгиледи ал.

Дарыгер кошумчалагандай, тоок, үндүктүн этин тамакка колдонуу организмге пайдалуу.