Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (КР БШК) Facebook социалдык түйүнүнүн өкүлдөрү менен онлайн форматтагы жолугушуу өткөрдү. Фейсбукта саясий жарнаманы жайгаштыруу, аны маркировкалоо жана түйүндө жайгаштыруу үчүн акы төлөөнүн булагын аныктоо маселелери КР БШКнын Facebook социалдык түйүнүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусунун башкы максаты болду. КР БШКнын Facebook социалдык түйүнүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу Кыргыз Республикасындагы БУУӨП кеңсеси тарабынан уюштурулду.

Жолугушууга КР БШК төрайымы Н.Шайлдабекова, КР БШКнын маалымдоо жана үгүт иштерин жүргүзүү боюнча жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева, КР БШКнын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Изреков катышты. Facebook тарабынан жолугушууга Мамлекеттик саясат маселелери боюнча менеджер Кавита Канхи жана Фейсбуктун шайлоонун тазалыгын камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Наташа Джог катышты.

Жолугушууга ошондой эле БУУӨПтүн Шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилова катышты.

Жолугушуу учурунда Facebook өкүлдөрү түйүндүн инсанды тийиштүү документтердин жардамы менен тастыктоо жолу аркылуу колдонуучуларды идентификациялоого байланышкан саясаты тууралуу маалымдап, мында кайсы аккаунтта кандай адам катталгандыгы так белгилүү боло тургандыгын айтышты.

Бардык саясий жарнама www.facebook.com/ads/library/report дарегинде жайгашкан жана коомдук мааниге ээ маселелерге, шайлоого же саясатка байланышкан Жарнама китепканасына топтолот. Анын жогорку бетиндеги тандай турган жеринен Кыргызстан өлкөсүн тандоо керек. Азыркы тапта Кыргызстан боюнча китепканада 879 жарыя бар, аларга жалпысынан $3 737 каражат жумшалган. Китепканада ошондой эле жарнамага акы төлөгөн жеке инсандар менен партиялар жөнүндө маалымат да чагылдырылат.

КР БШК төрайымы Н.Шайлдабекова Facebook менен кызматташуунун маанилүү экендигин белгиледи:

«Биз Facebook өкүлдөрү менен кызматташып баштаганыбызды абдан баалайбыз. Facebook тарабынан саясий жарнамалар жайгаштырылып жаткан аккаунттарды верификациялоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар Фейсбуктун шайлоонун таза өтүшүнө кошуп жаткан салымы деп эсептейбиз. Бул тигил же бул партиянын же талапкердин саясий жарнамасын каржылоонун ачык-айкындуулугуна көз салууга мүмкүнчүлүк берет. Партиялар, өз кезегинде, верификация жол-жоболорунан өтөт, бул болсо алардын фейк аккаунттарга каршы күрөшүнө жардам берет»,-деди Шайлдабекова.

Ал  эми , БУУӨПтүн Шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилова:

«Социалдык түйүндөр шайлоо кампаниясын өткөрүүдө маанилүү роль ойноодо. Ушул маселени жөнгө салган эл аралык стандарттардын жок экендигине байланыштуу Facebook социалдык түйүнү акы төлөнүүчү саясий жарнаманы каржылоонун ачык-айкындуулугун камсыздоо жана шайлоочуга мындай жарнаманы каржылоо булактары тууралуу толук маалымат берүү боюнча өз саясатын ишке киргизүүдө. Бул, албетте, шайлоочунун аң-сезимдүү тандоо жасашына көмөкчү болот», — деп кошумчалады.

КР БШК төрайымынын “жымжырт күнү” (“день тишины”) Америка Кошмо Штаттарынын Президентин шайлоодо колдонула турган саясаттын мисалы боюнча Facebook платформасында саясий жарнаманы жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу мүмкүндүгү тууралуу суроосуна Facebook өкүлдөрү бул жаңы саясат экендигин жана азырынча АКШ аймагында гана колдонула тургандыгын, бирок Кыргызстан расмий түрдө суроо-талап менен кайрыла турган болсо, бул маселени карап көрүүгө даяр экендиктерин маалымдашты. Тараптар ушул маселени чечүү боюнча мындан ары да байланышта болуу жөнүндө макулдашып, ошондой эле жаңыдан түптөлүп келе жаткан жемиштүү кызматташтык үчүн бири-бирине ыраазычылыгын билдиришти.