«Авиа каттамдар этап-этап менен калыбына келтирилип жатат. Россия менен сентябрь ичинде 20 рейс аткарылды.
21-августта 32 өлкөгө Кыргызстан эшигин ачты», — деп КР премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, учурда бир катар жарандарыбызга Россияга кирүүгө уруксат берилди:
— Россиянын жарандыгы барлар,
— Россияда жакын туугандары барларга (баласына, жубайына, ата-энесине барып келүүгө),
— медициналык жардамга муктаждарга,
— жакын туугандары каза болсо,
— бейтапты караган адамдарга,
— спортчуларга ж.б.

«Калган жарандарга кирүүгө уруксат жок, бирок, буюрса, бул чектөөлөр да жакында алынат.
Ал эми студенттерге Россияга кетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Россия студенттерди киргизүү боюнча алгоритмдерди иштеп жатат, ага ылайык студенттер изоляциялык нормаларды сактоого милдеттүү болушат
», — деп айтты.