Саламаттык сактоонун бир катар объектисинде курулуш жана ремонттук-калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Ага ылайык, 4-сентябрга карата 7 ооруканада иштер бүткөрүлдү. Бул тууралуу КР премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди

-Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы №59 кесиптик-лицейдин профили өзгөртүлдү – 150 орундуу оорукана.

-Орловка шаарындагы 45 орундуу оорукана толук ремонттолду.

-Баткен шаарындагы поликлиниканын эски имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, 90 орундуу оорукана түштү.

-Жалал-Абад шаарында хирургиялык борбору – 100 орундуу.

-Көк-Жаңгак шаарындагы калкты медтейлөө борбору – 60 орундуу.

-Каракол шаарында областтык бириккен оорукананын башкы бөлүмү – 150 орундуу.

— Чолпон-Ата шаарындагы райондук оорукана – 70 орундуу.

Калган ооруканаларда иштер толук кандуу жүрүп жатат. Эл арасында Бишкек шаарында курулуп жаткан инфекциялык ооруканага айтылган сындар көп болууда. Айта кетүүчү нерсе, оорукананын учурда 70%ы бүткөрүлдү. Бул оорукана тез курулуучу атайын конструкция менен тургузулган. Ал ар кандай инфекциялык ооруларга, анын ичинде коронавируска каршы күрөшүүгө пландаштырылып, салынууда.

«Булар менен бирге дары-дармектердин запастары камдалып, фарм компаниялардын аларды алып келүүсү боюнча маалыматтар күнүгө такталып турат. Ошондой эле салынып жаткан ооруканалар медициналык техника жана эмеректер менен толук жабдылат», — деп билдирди.