Менин жашым 22де жолдошум менен сүйлөшүп жүрүп, турмуш курганбыз. Учурда 1 балам жана боюмда болгондуктан жакында көз жарам. Менин көйгөйүм жолдошум. Ага эмне кылышымды билбей ушундайынан ажырашып эле кетким келет. Чынында анын акыркы убактарда мага болгон мамилесин көрүп абдан чарчадым. Кыздар менен менден бекитип сүйлөшкөнү, клубтарда таң атканча отурганы, 1 айда 2,3 жолу үйгө келбей таң атканда 6,7де келет. Тийгениме 3 жыл болду, мен жаңы тийгенде 3 айлык келин болчум, 3 айда эле аябай токмок жедим. Аныда үй-бүлөмө айта алган жокмун.

Боюмда болбой 7,8 ай жүрдүм андан кийин боюмда болду. 1 жарым жылда, кечинде телефонунан бир кыз ватсабына ар кайсыны жазыптыр.  Бир нерселер айтып алдаса ишенчекмин, ишенип алыпмын. Ошентип анысы бүттү, анан кайра 2 айдан кийин эле, жөнөкөй телефон бекитип колдонуп жүргөнүн көрүп калдым телефонун машинада бекитип жүрүптүр. Текшерип көрсөм кыздардын номерлери бүт бар экен. Ал кызга жаздым жазсам күйөөм аны менен сүйлөшүп жазышып жүргөн экен 2 жолу ишинен үйүнө таштаптыр. Аялы бар экенин билбедим дейт. Ошентип уруштук, ыйладым башка болду, дагы мени алдап бир нерселер айтып ишендиримиш болду. Төрөдүм балам менен боюмда бар учурда да көп жалгыз калат элем. Үйдө таң атканда көп келчү клубта отуруп келет эле сасып кийимдери кальян сасып.

Бир куну бата тойго кетип таң атканда келди ооздору дайым кызарып келчү, как будто бирөө менен өбүшкөндөй, ысык чай ичтим десе ишенип жүрүпмүн. Көйнөгү желкеси помада экен, мойнуна албай кутулуп кетти. Көчөдө көп жүрөт, азыр да үйдө жалгызмын ал болсо жок. Бир күнү дагы машинада көчөдө көрүп калдым бир досу менен 2 кыз салып алыптыр, мени көрүп качып кетти. Мен эмес элем деп ар шылтоону айтты.

Сени жакшы көрөм андай, мындай деген сөздөр жок, жаш болгон үчүнбү өзүм, жаштыгында эркелешип жакшы сөздөр айтпасаң качан болот эле мындай учур дагы. 40 жаштагы аял эмесмин мындай нерселер маанисиз болуп калгыдай. Көңүлүмү көтөрөм деп көп нерселерди эле жасадым, 3,4 жолу шам жагып башка кылып тосуп алдым реакция ноль. Күйөм келишине жасанып, таза жакшына ич кийим, кийип жакшы эле өзүмү карайм. Анын мага болгон жылуулук сезими жок, эркелетип кучактаганга дагы жарабайт.

Эркелешип жаш үй бүлөдөй эмесбиз, мен жакшы көрүп кучактап өөп коём, бирок мындай эле кабыл алат. Ушундай кылыктарынан жадап кеттим. Ажырашып эле тынч эле өз оокатымды кылгым келет бирок эмнеден баштаарды билбей турам.