Бишкекте ИИМ илбирстин терисин мыйзамсыз сатууга аракет кылган адамды кармады. Бул тууралуу борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди

Буга чейин тергөөчүлөр сумкадагы белгисиз жигит сейрек кездешүүчү жапайы жаныбардын терисин көтөрүп жүрөт жана аны мыйзамсыз сатууга аракет кылып жатат деген маалымат алган


«Жапайы жаныбардын терисин сатуу учурунда, 20 жаштагы Э.Э. кармалган. Факт катоого алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Балыктарды же суу жаныбарларын мыйзамсыз аңчылык кылуу жана кармоо» беренеси боюнча каралган. Сурактан кийин жигит башка жактарга чыгып кетпөө милдеттенмеси менен бошотулган », — деп билдиришти ИИМден.

Фото ГУВД Бишкека . В Бишкеке парень пытался продать шкуру снежного барса