Бишкектин Свердлов райондук административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын даттануусу боюнча соттук отуруму бүгүн, 9-сентябрда өткөрүлөт.

Бул отурумга күбө катары БШКнын мүчөлөрү, кызматкерлери чакырылган. Ошондой эле партия судья талап кылган бир катар документтерди бериши керек.

  • БШК аталган партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартып, парламенттик шайлоого катышуу укугунан ажыраткан болчу. Мындай чечимден кийин партиянын өкүлдөрү сотко кайрылган.