*Изилдөөчү бол. Айланаңда эмне болуп жатат, байкоо жүргүз. Айлана-чөйрө – жаңы тажрыйбалар жана жаңы идеялардын булагы.
*Акылыңа кылт эткен ар бир идеяны өткөрүп жибербе. Жакын арада иш жүзүнө ашырууга мүмкүн болбосо дагы ар бир идеяны жазып калууга шашыл.
*Чөйрөңдөгү адамдардан болушунча пайдалан. Эгерде дыккаттык менен маани берип карасаң, сени идеяга бай, тажрыйбасы мол, үлгү боло турчу адамдар курчап турат.
*Ар дайым жаныңда китеп болсун. Мындай кылуу менен сен бош убактыңды туура пайдаланган болосуң. Аялдамада автобус күтүп жатканда, балким жол тыгыны учурунда, узакка созулган күтүү учурунда китеп оку. Деги эле китеп окууну адатка айлант.
*Күн сайын жок дегенде 30 мүнөт китеп оку. Бош убакытта китеп окугандардан эмес, китеп окуу үчүн бош убакыт тапкандардан бол.
*Ой жүгүрт жана муну адатка айландыр. Бул – мээ үчүн дагы көнүгүү болот, ошондой эле ойлоруңдун тунук болушуна себепкер.
*Ар бир кечте бүгүнкү өткөн күнүңдү анализ кыл. Кандай ийгиликке жете алдың? Эмне таптың да, эмне жоготтуң?
*Табигый таза сууну көп ич.
Цитаталар түркүмүн окуп турууну унутпа. Алар максатыңа жетүүгө дем берет.
*Ар бир күн үчүн “күндүн цитатасын” таап, аны окуп жүр.
*Жеке чыгашаларыңды жана кирешелериңди эсептеп туруу үчүн Жеке бухгалтерияң болсун. Бул аркылуу пайдасыз сатып алуулардан кутулууга жана акчаңды орунсуз коротууну алдын алууга болот. Жеке бухгалтерия — жеке эсепти башкарууну үйрөнүүгө алгачкы кадам.
*Буга чейин кылып көрбөгөн бир ишти кылып көр. Балким жумушка же окууга мурда барып көрбөгөн жол менен барып көр. Айтор, буга чейин такыр ойго да келбеген, жасап да көрбөгөн бирок, абийирге туура келген, ак иштерди кылып көр.
Кайсы бир ишти кылып жатканда таймер колдон.
*Маанилүү жана негизги максаттарыңдын тизмесин белгиле. Аларды белгилүү убакыттарга бөл.
Күндөн мурда туруп, күндү тосуп ал.
Эгерде толук концентрацияны талап кылбаган иш менен алектенип жаткан болсоң, ошол учурда маалымат берүүчү же шыктандыруучу программаларды ук.
*Бир күн бою оптимист бол.
Күн сайын буга чейин билбеген, жаңы, акылыңа келген бир тема жөнүндө ишенимдүү булактардан маалымат алып тур.
*Жашоодо кубаныч жана күлкү тартуулаган нерселерди изде.

Инсан.кг