Кечээ, 8-сентябрда Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов Баткен шаарында жардамга муктаж үй-бүлөлөр үчүн турак-жайдын курулуш ишене даярдык иш-чарасына катышты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалым болгондой, облус казысы жаңыдан түптөлө баштаган үйдүн курулуш иштерине ийгиликтерди каалап, ак батасын берди.

“Муктаждарга колдоо көрсөтүү Ислам динибиздин негизи баалуулуктарынан. Бул ишти баштап ага салым кошкондордун баары Жараткандын чексиз соопторуна ээ болот. Алла Таалам ушул үйдүн тез арада курулуп, муктаждардын жүзүнө кубаныч тартуулоосуна насип эткен болсун”,-дейт облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов.

Маалымат иретинде айта кетсек, турак жайды салууга Баткен шаардык мэриясы 15 сотых жер аянтын бөлүп берген. Анда жалпысынан 8 үй-бүлөгө ылайыкташкан турак жай салынмакчы. Кайрымдуу инсандарды көмөгү менен үйдүн пайдубалын түптөө иштери башталды. Бул турак жай “Берешен кол” кайрымдуулук фондунун демилгеси менен салынууда.