Акыркы сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында дагы 178 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрдагы брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Жаңы айыккандар:

— Бишкек шаарында 88 адам;

— Ош шаарында 3 адам;

— Чүй облусунда 13 адам;

— Ош облусунда 15;

— Талас облусунда 5;

— Нарын облусунда 2;

— Ысык-Көл облусунда 14;

— Жалал-Абад облусунда 12;

— Баткен облусунда 26 адам.

Бүгүнкүгө чейин Кыргызстанда 40 миң 336 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты.

Өлкөдө жалпысынан 44 миң 613 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды.