Кыргызстанда COVID-19 вирусунун кесепетинен дагы 1 адам көз жумду

Бүгүн, 9-сентябрга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусунун кесепетинен дагы 1 адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Маркум Талас облусунда дарыланып жаткан.

Муну менен өлкөдө көз жумгандардын жалпы саны 1063 адамга жетти (башка оорунун кесепетинен көз жумган адамдардын саны кошулган эмес).