Бүгүнкү күндүн эң маанилүү коногун шаардык мэрия кабыл алды. Борбор калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева жана мэриянын аппарат жетекчиси Адилет Малдыбаев Бишкек аттуу бала менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

«Шаар тургуну Медет Түлөгөнов социалдык тармактарда Каджисай айылында жашаган кичинекей кызыл жаак Бишкектин сүрөтүн жарыялаган. Баланы таап, аны менен жеке таанышып, ал-акыбалын билип алууну чечтик. Сегиз жаштагы Бишкек Табылдыев Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айылында жашайт, төрт бир тууган,ал үй-бүлөнүн кенжеси.
Бишкектин апасы Чынаранын айтымында, балага ысымды чоң атасы, Бишкек Баатырдай болсун деп койгон.
Бишкек бизге экинчи класста онлайн режиминде окуп жаткандыгын айтты. Балага жаңы форматта окууну жеңилдетүү үчүн борбор калаанын мэриясы смартфон жана сыналгы белек кылды. Урматтуу Бишкек! Дени сак, ийгиликтүү жана өз өлкөңдүн чыныгы жараны болуп чоңой! Бишкек балдар үчүн сүйүктүү шаар!»,- деп айтылат мекеме берген маалыматта.