Ысык-Көл облусунун аймагындагы Каракол — Эңилчек трассанын бир бөлүгүн суу жырып, жууп кетти. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди

Мындан улам жолдун 95-100-чакырымдарындагы бөлүгү жарактан чыккан. Министрлик тарабынан берилген сүрөттө асфальт жолдун бир жак бөлүгүн суу агызып кетип, жарактан чыкканын көрүүгө болот.

Жерине экскаватор, эки бульдозер, жүктөгүч жана оор жүк ташуучу техника тартылып, калыбына келтирүү аракеттерин көрөт.

Трассада жол каттамы токтотулган.