Бүгүн Бишкекте кечки саат 18:00 гө жакын К.Акиев жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде, «Хонда фит» унаасы менен инкассатор унаасы кагылышкан жол кырсыгы катталды.

Күбөлөрдүн айтымында, кагылышуудан 4 унаа жабыркап, инкассатор унаасы оодарылып кеткен. Бактыга жараша оор жаракат алган жарандар жок.

Ал эми жеңил жараат алган жарандарды «Тез жардам» унаасы келип, жеринен жардам көрсөткөн. МАИ кызматкерлеринин билдиришинче, учурда кырсыктын кесепеттери иликтенүүдө.