“Бүтүн Кыргызстан” партиясы шайлоого катышат

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкек административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызын карады. Анда сот “Бүтүн Кыргызстандын” пайдасына чечим чыгарды.

Сотто Анар Эгембердиева төрайымдык кылды. Сот партиянын доо арызын канааттандырып, БШКнын буга чейинки чечимин жокко чыгарды.

Аталган партиянын тарапташтары сот имаратынын алдына чогулушуп, “жеңишке жеттик” деп жаалап кыйкырышууда.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууга 15 саясий партияны каттаган.

Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткан. Ага партиянын съездинде мыйзам бузулганы жүйөө келтирилген. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп атап, сотко кайрылган.