Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-сентябрда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында, Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) мисалында билим берүү системасын санариптештирүү менен таанышты.

Мамлекет башчысы Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Индустриалдык педагогикалык колледжинин жаңы окуу имаратын көрүп чыкты.

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков курулуш иштери 2019-жылдын октябрь айында башталганын, учурда бүткөрүлүп, имарат ишке кирүүгө даяр экендигин маалымдады.

Заманбап окуу имараты Ош мамлекеттик университетинин өзүнүн каражатына курулган. Анда жыйын-залдары, окуу залдары, аудиториялар, китепкана, электрондук жана санарип лабораториялар бар. Азыркы учурда колледжде 1500дөн ашык студент билим алышат.

Мамлекет башчысына университеттин ич ара бөлүмдөрүнүн ортосундагы иш кагаздарын айлантууну толугу менен санариптештирүү, ошондой эле «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу мамлекеттик органдар менен автоматташтырылган маалымат алмашуу милдетин аткарган «Электрондук университет» аянтчасын көрсөтүштү. Аянтча университеттин Айти адистери тарабынан иштелип чыккан.

Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында ОшМУда заманбап санариптик билим берүү чөйрөсү түзүлгөнү белгиленди.

Студенттер өздөрү чогулткан роботторду көрсөтүп, Айти технологиялар боюнча өнөрлөрүн тартуулашты.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле электрондук китепкананы, заманбап шаймандар менен жабдылган тигүү бөлмөсүн жана сүрөтчүнүн иш бөлмөсүн көрүп чыкты.

Колледжде Ош мамлекеттик университетинде окуп, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин бул окуу жайында эмгектенген Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, элдик композитор, ырчы, обончу Рыспай Абдыкадыровдун музейи ачылган.

Мамлекет башчысы санарип музейди көрүп чыгып, Рыспай Абдыкадыров менен жакшы тааныш болгонун айтып, анын таланттуу музыкант, композитор гана эмес, ошондой эле жаркын инсан жана элдин сүймөнчүгү экендигин баса белгиледи.

Композитордун кызы Сюита Абдыкадырова Рыспай Абдыкадыров атындагы республикалык фонду өз кезинде Сооронбай Жээнбеков тарабынан түзүлгөнүн ыраазычылык менен белгиледи. Ал атасынын элесин жана чыгармачылыгын урматтаганы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Президент музейдин меймандар китебине кол жазмасын калтырды.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле мугалимдер менен баарлашып, ОшМУнун ишмердүүлүгүн санарипке өткөрүү боюнча ийгиликтерин канааттануу менен белгиледи.

Президент университетке санариптик технологияларды киргизүү менен башкаруу жана окутуу процесстерин трансформациялоо — учурда дүйнөдөгү эң маанилүү талап экенине токтолду.

Заманбап санариптик технологиялар билим берүүнүн сапатын жана студенттердин мотивациясын жогорулатып, ошону менен азыркы атаандаштык күчөп турган эмгек рыногунда ийгиликтин негизин түзөрүн баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ОшМУнун эмгек жамаатына жана студенттерине билим берүүгө заманбап санарип технологияларды киргизүү боюнча ОшМУнун тажрыйбасы өлкөнүн башка билим берүү мекемелери үчүн жакшы үлгү болорун баса белгиледи.

Буга байланыштуу Мамлекет башчысы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковго ОшМУнун негизинде Кыргызстандын башка жогорку окуу жайларынын ректорлору үчүн тааныштыруу семинарын уюштурууну сунуштады.