Ырчы Анжелика Кайратова учурдагы өлкөдөгү саясий абалга өзүнүн жеке пикирин билдирди. Анын айтымында, аткаминерлерден арасында депутаттыка аттангандарды сынга алды.

«Менин 18 кызым бар. Баары таланттуу. Ар бирин өзүнчө жакшы көрөм. Буйруса, алдыда көптөгөн пландар бар. Мен оорубашым керек- деп өзүмө мотивация берип жатып, кайра зээним кейип кетет. Өлкөбүздөгү абалды көрүп. Жетекчиликтин маданиятка , билим берүү тармагына болгон мамилесин ойлоп.
Депутаттыка аттанып жаткандардын кээ бири эки жүздүүлөр. Бизнес жаатында жүрүп, айтканын аткарбагандан кийин булар башкасын деле кыйратпайт. Эркекче сөз бергенди дагы унутушкан. Ар ким өз кызыкчылыгы үчүн адамдарды акчага кызыктырып, өздөрүнө мактоо сөздөрүн жаздырышууда. Эх…
Уйкусуз түндөр… Келечекти ойлой берип, жүрөк оорукчан болду…»-деди ал.