Монголиянын Министрлер Кабинети, 9-сентябрда болгон кезектеги отурумунда Монголия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Аскер чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууну жактырды.

Ошентип, эл аралык тынчтык орнотуу операцияларын, аскердик-техникалык кызматташтыкты, өз ара ишенимди жана коопсуздукту чыңдоо менен кызматташууну өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү.