«Ош» эл аралык аэропортунда 44 миллион сомдон ашык каражатка оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Ага ылайык, «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому 44 миллион 158 миң сомго тендер жарыялады. Көрсөтүлгөн каражатка «Ош» эл аралык аэропортунун жарык берүү системасы, коммуникациялык жабдуулары жаңыртылып, аэродромдун учуп-конуу тилкеси жасалат.