Ош облусунда жол кырсыгынан эки адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя бүгүн 10-сентябрда Кара-Суу районунда болгон.

Кызыл-Кыштак айылынын Осмонов көчөсүндө Daewoo Nexia автомашинасынын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып, бакты сүзгөн.

Натыйжада машинанын ичиндеги 25 жаштагы бир эркек каза болуп, дагы ушул эле курактагы төрт адам жараат алган. Алардын бири ооруканага жетпей, жолдон көз жумган.

Куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн машинадан чыгарып, жабыркагандарды ооруканага жеткиришти.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 2019-жылдын алгачкы тогуз айында 4694 жол кырсыгы катталган. Бул 2018-жылга салыштырганда 12,3% көп болгон.