Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында  БШКнын 2020-жылдын 7-июлундагы №18 чечими менен катталган «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан Урдавлетов Руслан Саадатовичти финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоону  жокко чыгаруу жана ага берилген №8 каттоо күбѳлүгүн анык эмес  деп таануу тууралуу чечим кабыл алды.

БШК «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Абыкеев Чынгыз Шейшенбековичти каттоону жана ага  белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүк берүүнү чечти.

Мындай чечим Абыкеев Чынгыз Шейшенбековичти каттоо тууралуу 2020-жылдын 7-чентябрында келип түшкѳн маалымдамасынын негизинде кабыл алынды.