Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБнын басма-сөз кызматы кабарлады.

2020-жылдын 07-сентябрь күнү Аксы РИИБнин жетекчилигине, Аксы районунун Үч-Коргон айылынын 30 жаштагы тургуну Бутабаев Шерали арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында  — 2020-жылдын 07-сентябрь күнү саат 01:00 чамасында  Т. Э. аттуу айылдашы  кол телефону аркылуу Аксы районунун Үч-Коргон айылындагы маданият үйүнүн жанына чакырып алып,  өзүнүн шериктери менен “Сен эмне үчүн башка партияга өтүп ошол жактан үгүттөө иштерин жүргүзөсүн, тез арада  “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясына өтүп ошол жактан үгүттөө иштерин жүргүзөсүн деп уят сөздөр менен тилдеп, коркутуп зомбулук жасоого аракет кылышты”- деп көрсөткөн.

 Ошондой эле бул окуя боюнча чөнтөк телефонуна жаздырып алган сүйлөшүүлөрүндөгү үн жазуусу (диктофон) интернет булактарына тарап кеткен.

Бул арыз боюнча топтолгон материал Аксы РИИБнин КЖБРне “Ээнбаштык” болуп катталып, КРнын Жазык Кодексинин 266-бер. негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертизасы дайындалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү аныкталып, тергөөгө камсыздалган жана КРнын ЖПКнын 98-беренесинин негизинде 2 суткага камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.