Апа-бул биз үчүн орду толгус дүйнөбүз, кең аалам, баарын ичине батырып, бизге жол көрсөткөн адам. Ооба, менин деле апам, мага бакыт каалап, мени жакшы болсун, бактылуу жашасын деген таризде турмушума кийилгишсе керек. Кеп башынан болсун.

Мен мектепте окуп жүргөн мезгилде бизден бир класс өйдө окуган бала менен сүйлөшүп калдым. Аны апам кайдан жайдан билип калган билбейм, бир күнү  жанына отургузуп, ал баланын атасы көп ичет, апасы да тыкан эмес, ал үгө барсаң  жүдөйсүң деп, айтор сүйлөштүрбөй койду. Биринчи сүйүү болгондуктан көпкө унута албай кыйналдым. Башкадан ошол эле жигит көзүмө жакшы көрүнүп, кокус, класстан алар чыгып, биз кирип баратканда дене боюм дүркүрөп жаман болуп жүрдүм.

Мектепти аяктап, райондун борборундагы колледжге тапшырдым. 2-курс болгонумда ала качып кетти коңшу айылдын балдары.  Ал жерде таш түшкөн жеринде оор деп отуруп калдым. Апам күндө чалып эмне кылып жатканымды, кайын журтум эмне кылганын, ийне жибине чейин сурап турчу. Мен жаш болуп баарын айта берчүмүн. Кыскасы ал жер да апама жакпай ажыраштырып алды. Андан кийин, алысыраак бир бөлөлөрүнө узатты, ал жакта 2 жылдай жашап, аларды да апам чанып, сени күтө албайт экен жүдөп кеттиң, азып кеттиң деп ажыраштырып алды.

Ошонтип 3 ирет, турмушка чыктым. Баары тең апамдын каалоосу менен болду. Азыр үйдөмүн, айылдагылар да башкача көз менен карай башташты. Ойлоп көрсөм бир ирет да менин оюм менен эсептешкен адам болбоптур.

Бая күнү дүкөнгө кирсем, мен мектепте сүйлөшкөн жигитим да ошол жакта чай-чамек алып жүрүптүр. Аны көрүп жүрөк кайра дүрт этти. Анын аялы начар чыгып, ажырашып кетишкенине аз эле болду. Эки-үч ирет жолуктук. Эгер алам десе, эмне деп айтам деп ойлонуп жатам. Мен деле өз жашоомду куруп, жакшы бактылуу жашаганга укугум бар чыгар. Апам деле карып калды. Өмүр бою апамдын айтканынан чыкпадым.Бул ирет мен айткандай болсунчу деп ойлоп жатам же апам таарынабы?