Учурда Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту дарылоо боюнча клиникалык протоколдун 4-варианты менен иштеп жатат. Бул тууралуу Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нургул Ибраева билдирди.

Бул колдонмо 3-варианттагы жетишпестиктерди эске алуу менен иштелип чыкты. Айта кетсек, биринчиден пневмониянын коду бекилди – U07.2. Андан сырткары, стационардык жана амбулатордук дарылоо бөлүндү”, — деп билдирди

Ошондой эле, төмөнкү алгоритмдер иштелип чыкты:
1. Коронавирус жана өнөкөт оорулары бар бейтаптарды дарылоо боюнча;
2. Балдарды дарылоо боюнча
3. Кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдар үчүн алгоритм;
4. Амбулатордук дарылоо боюнча;
5. Кайра калыбына келтирүү (реабилитация) программасы.

Анын айтымына, декстаметазон сыяктуу дарыларды консилиумдун чечими менен колдонулсун деген чечим чыгарылды.