Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү төкмө акын Рахматулла Козукеев Жалал – Абад облусунда болгондугуна байланыштууу, видео байланыш аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Сүйлөшүү учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын резервдик фондунан материалдык жардам бөлүнгөндүгүн билдирип, ал каражат Рахматулла Козукеевдин жеке эсебине которулгандыгын билдирди.
Төкмө акын Рахматулла Козукеев Жалал- Абад облусунун Аксы районуна каршатуу Кызыл-Жар айылында туулган. 1984-жылы Фрунзе шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун сырттан окуп аяктаган. Республикалык, эл аралык айтыштарда байгелүү орундарды ээлеген. Кыргыз Республикасыны Ардак грамотасы, Түркия мамлекетинин алтын медалы, Эл аралык «Руханият» сыйлыгынын лауреаты, «Түрк дүйнөсүндө» төкмө акындар фестивалынын алтын медалынын ээси.
Учурда төкмө акын ооруканада даарыланып жатат.