Кыргызстандын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабировдун уулу Кант шаарындагы унаа токтотуучу жайдан унаа уурдоо жана тоноо фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 1996-жылы туулган Аброр Сабиров кечээ, 9-сентябрда кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал 7-сентябрь күнү саат таңкы 04:00 чамасында менен биргеликте Ысык-Ата районунда жайгашкан унаанын кароолчусун сабап, аны байлап, “Хонда Иллюзион” жана “Тойота Альфард” үлгүсүндөгү эки унааны уурдап кеткен деп шектелүүдө. Аталган автоунаалар Бишкектеги жаңы конуштарынын биринен табылган.

Белгилей кетсек, унаалар КР Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө органдары тарабынан камакка алынган. Бирок 7-сентябрда унаалар уурдалып, факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.