COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө коомчулуктун биримдиги маанилүү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов 2020-жылдын 10-сентябрында #Сакта #Защити Улуттук маалымат кампаниясынын башталышына байланыштуу жарандарга кайрылуусунда айтылат.  

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атыман Кыргыз Республикасындагы Бириккен улуттар уюмуна жана эл аралык өнөктөштөргө Өкмөттүн демилгелерин колдогондугу жана коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу, ошондой эле пандемиянын кесепеттерин ыкчам жоюу боюнча кечиктирилгис маселелерди чечүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн, чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.  #Сакта #Защити аттуу Улуттук маалыматтык өнөктүктү өткөрүү боюнча сиздердин өз ара аракеттешүүңүздөр жана өнөктөштүгүңүздөр мамлекет үчүн жана биздин өлкөнүн ар бир жараны үчүн маанилүү. Бул кампания мекендештердин өмүрүн сактоого багытталган. 

Дал ушул максатта Өкмөт, дарыгерлер, жарандык активисттер жана ыктыярчылар күрөш жүргүздү жана күрөшүүдө. Учурда оорунун көрсөткүчтөрү төмөн, бирок вирус дагы деле болсо арабызда, ошондуктан эпидемиологиялык коопсуздук жөнүндө унутпоо керек. 

Улуттук маалыматтык кампания калкты ден соолукту коргоо чаралары, иммунитетти чыңдоо, коронавирустан кийинки калыбына келтирүү, айрыкча күз-кыш мезгилинде эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашын эске алуу менен калкты маалымдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин уландысы болуп саналат. 

Кампания  COVID-19дун терс таасири жөнүндө, анын ичинде ден соолукту сактоо боюнча фейк жаңылыктардын жайылышына каршы чараларды сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө элдин биримдигин бекемдөө акциянын дагы бир маанилүү максаттарынан болушу керек.  Бул өзүнүн жана башкалардын ден соолугун коргоодо  беткап тагынуу, аралыкты сактоо, колду бат-бат жууп туруу, илдеттин белгилери байкалса обочолонуу сындуу жөнөкөй санитардык ченемдерди сактоо  менен жарандык аң-сезимди жана жоопкерчиликти талап кылат. Жалпы аракет жана тартип менен гана бул ооруну жеңе алабыз. 

Улуттук маалыматтык программанын жүзөгө ашырылышы өлкө калкына оң таасирин тийгизип, аларды сергек жашоо образына жана ден соолукту сактоонун эрежелерин сактоого үндөйт деп ишенем.

Бардык жарандарга бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалайм!»