Обончу, ырчы, акын,  Сыймык Бейшекеев,  КР эмгек сиңирген артисти , КР эл артисти Гүлмайрам Момушованын азыркы жагдайы тууралуу айтып, фейсбук баракчасына жазды.

Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз.

“Адамды көзү тирүүсүндө сүйүнткөн кандай жакшы, Гүлмайрам Момушова деген менин Апам курактуу ЭЖЕбизге КР эл артисти деген ардактуу наам берилди, куттук айтып кубангандардын катарындамын, бирок, бирок деген ой мазамды алып, санаамды мыжып атат, ошол бийик даражалуу наам ал кишиге азыр зарылчылыгы же тыйынчалык пайдасы барбы? Албетте жок, учурунда жок эле дегенде мындан 20 жыл илгери берилсе эл алдында жаркып ырдап, көпчүлүктүн жарпын жазып турмак да. Азыр Гүлмайрам эжебизге сыйлык эмес, сый урмат, наам эмес нарктуу камкордук керек болсо керек. Мамлекет ушундан жарды болуп кетсе да жок дегенде батирден батирге көчүп жүргөн таланттуу апабызга 1 бөлмө батирдин ачкычын берип койсо өмүрү узарып мурунку жасаган эмгектеринин акыбети кайтканына маңдайы жарыла кубанмак беле деп ойлодум, эжени карантин маалында азык түлүк жеткирейин деп замандаштарынан сурап жада калса дарегин таппадым, кардыма эмес кадырыма ыйладым деген экен илгери бирөө, келгиле булбул эженин үнүн үйгө айлантканга салым кошуп эл үнү кылып укпай көрбөй жүргөндөргө жеткиргенге жардам берели!!!”,- деп жазган.