Өзбекстандын Наманган облусунун 23 жаштагы тургуну Гүлсанам Алижонова Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө комитетинин эки кишини “негизсиз сабап, тепкилеген” деген маалыматы боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымына караганда, келишпестик кыздын чолок шым менен футболка кийип алганынан келип чыккан.

 Окуя үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда болгон. Бул тууралуу, жегиликтүү маалымат булактары, ИИМге шилтеме берүү менен жазышты.

“Мен Андижанда жашаган эжемдин үйүнө баргам. Эжем таксист менен сүйлөшүп жатканда, мен анын 10 айлык баласы жана сумкаларды кармап тургам. Ошол маалда биздин жаныбызга Spark үлгүсүндөгү унаасы келип токтоду. Машинада отурган жигиттердин бири футболка жана чолок шым кийип алганым үчүн шылдыңдап күлдү. Мен ага өзүнө жараша жооп берсем, ал унаадан түшүп, сөгүп туруп басып кеткенин эжем да угуп калыптыр. Андан кийин жаңжал башталды. Экинчи киши сүйрөп кетүүгө аракет кылгандай мени кармап алганда аны уруп жибердим “,- дейт ал.

Болгон окуяны эжеси телефонуна тартып, ал видео социалдык тармактарга тарап кеткен.

Белгилүү болгондой, Гүлсанам 23 жашта, Наманган мамлекеттик университетинин дене тарбия факультетинде окуйт. Үй-бүлөдөгү 6 бир туугандын кичүүсү. Ал бокс жана каратэ менен машыккан. Андан сырткары 2 жылдан бери таэквондо менен машыгат. Бул багытта Өзбекстан чемпионатынын жеңүүчүсү, Наманган турниринин жеңүүчүсү. 2020-жылы жазында Түркияда өткөн эл аралык турнирдин катышуучусу.