Президент Сооронбай Жээнбеков Кара-Суу районундагы Кыргыз-Өзбек биргелешкен «Артель электроникс» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кара-Суу районундагы Анжиян айылында Кыргыз-Өзбек биргелешкен «Артель электроникс» ишканасы өндүрүшүн кеңейтип, экспортко чыгууну көздөп жатат. Анын ачылышы жөнүндө келишимге Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылы декабрда Өзбекстанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген.

Бүгүн, 10-сентябрда Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган ишканага барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Коммерциялык директор Орозбай Атажанов ишкана 2018-жылдан бери иштеп жатканын, тиричилик техникасын өндүрүү, анын ичинде кир жуучу машинаны чогултуу менен алектенерин маалымдады.

Бүгүнкү күндө ишканада 105 адам иштеп жатат, жумуш орундарынын санын 200гө жеткирүү мерчемделген.

Ишкана айына 900дөй кир жуучу машина өндүрөт, ар айдагы сатуу көлөмү 3 миллион сомду түзөт. Өндүрүлгөн продукция ички рынокко сатылат, келечекте экспортко чыгаруу пландаштырылган.

2022-жылы аталган ишканадан газ плиталарын, ал эми 2023-жылдан тарта сыналгы менен муздаткычтарды өндүрүү мерчемделип жатканы белгиленди.

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз өлкөсү жакынкы коңшу өлкөлөр, анын ичинде Өзбекстан менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосунда биргелешкен өнөр жай ишканаларын түзүү аркылуу товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, аларда чоң экспорттук потенциал бар, ал эми Кыргыз Евразиялык экономикалык биримдиктин рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, аны менен продукцияларды бажы тоскоолдуктарсыз, алымдарсыз жеткирүүгө болот.

Эмгек жамааты менен болгон баарлашууда президент ар бир кызматкер ишкананын өнүгүшүнө кызыкдар болушу керектигин белгиледи. Мамлекет башчысы корпоративдик башкаруунун япон стилин мисал келтирип, анда бардык кызматкерлер ишканага өздөрүнүн жеке мүлкүндөй мамиле жасашарын айтты.

Президент аймактарды өнүктүрүү боюнча саясаттын негизги багыттары, анда экспорттук дарамети бар ишканаларга чоң көңүл бурула тургандыгы тууралуу айтып берди.

Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын алкагында өлкөнүн каржы институттарынын жеңилдетилген ресурстарынын чоң бөлүгү жер-жерлердеги ишкерлерди колдоого бурулган.