Ырчы Каныкей учурдагы саясий кырдаалга өзүнүн жеке пикирин билдирип, азыркы маалда креслосун кучактап отурган аткаминерлерди жемеге алды.

«Заманымда канча адам көрдүм баардыгы идеал эмес. Жок кынтык издебейм. Жамандык издеген адамдын өзү жаман. Тек гана байкаганым паракордук. Адамдын өзүндө жашаган калыстык ар дайым өзү менен кала берет. Ал эми башка «сапаттын» ээлери аны жумушунда жана жашоосунда сөзсүз колдонушат.

Ушул ыплас нерселерди көргөндө кейийм. Өзүм үчүн эмес (ансыз деле өз өмүрүм өз колумда) ошол эски «акебай, жакебай» деген система мн үстөмдүк үстүндө өтүп жаткан пас, маскара, кыянаттык колдонулган тепкичтен түшпөгөн адамдар учун.

Жашоо бир гана жолу келет, бирок, бир келген өмүрдө өлбөчүдөй болуп, креслосун кучактап алып жаштарга жол ачпаган ак сакалдар ааламга жол ачмак турсун өздөрүн тозокко кептеп жатканын түшүнүшпөйт.

Ошондон улам жаштар «жашоо жалган» -деп кол шилтеп эч нерсеге ишенишпейт. Ишеничти кетирбегиле оо айланайын адамзат!»,-деди Каныкей.