2020-жылдын 4-октябрында өткөрүлө турган шайлоого карата, шайлоодогу коопсуздукту камсыздоо чаралары боюнча 2020-жылдын 7-сентябрынан 11-сентябрына чейин ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун өздүк курамына Түрк кызматташтык жана координация Агенттигинин (ТИКА) жааматы, Түркиянын башкы коопсуздук башкармалыгы менен биргеликте онлайн-семинар өткөрүп жатат. 

Онлайн-сабакты Түркиянын башкы коопсуздук башкармалыгынын кызматкелери тарабынан өткөрүлүүдө. Түрк кызматташтык жана координация Агенттиги (ТИКА) 2007-жылдан бери «Эл аралык полиция билим берүү жаатында кызматташуу Долбоорун» ишке ашырып  келет. Ал эми Кыргызстанда 2016-жылдан бери кызматташууда.

Долбоордун негизги максаты — коопсуздук жаатында Түркия менен кызматташкан өлкөлөрдүн мамлекеттик коопсуздук органдары менен биргеликте иш алып барууга, полиция практикасы боюнча эл аралык стандарттарды жайылтууга, регионалдык коопсуздукту камсыз кылууга параллель жана координацияланган мамилени иштеп чыгууга негиз түзүү болуп саналат.

 ИИМдин “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы