Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-сентябрда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында оорукана катары кайра баштан жасалып жаткан мурдагы лицейдин имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнүн жүрүшү менен таанышты.

Коронавирус инфекциясы жайылып кеткен учурда аталган имаратты 150 койко-орундуу жугуштуу оорулар ооруканасына айлантуу чечими кабыл алынган. Капиталдык оңдоп-түзөө иштери «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондунун жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүп жатат.