Мен да жашоомдо болуп жаткан жаңылыктарды сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм. Апам 3 жыл мурда төрөттөн каза болгон. 3 бир тууганбыз. Агам, иним бар. Инимди апам каза болгондон кийин таежем багып алган. Агам болсо 15 күн жумуштан келбей Казакстанда иштейт. Мен атам менен үйдө турам.

Раматылык апам тирүү кезинде атамдын запкысын кордугун бир топ эле тартты. Абдан капа кылаар эле уруш, талаш дагы көп болчу. Апам эми биздин сыйыбызды көрөөрдө бул ааламдан өтүп кабыргабызды кайыштырды. Мындан эки күн мурун атам бир аялды үйгө алып келип алыптыр. Көрүп алып жаман болдум. Менден уялбай кантип алып келди экен. Кайра анысын менен мени тааныштырып кирди.

Апам жашаган үйдө бул аялды эмнеге алып келет деп ичимен ызаланып, апамдын сүрөтүн кучактап, буркурап ыйлап кирдим. Бир маалда ойгонуп тамак ичүүчү бөлмөгө кирсем тиги аял кадимкидей кухнаяда ээн эркин басып жүрүптүр. Жүрөгүм дирилдеп кетти. Атам мага анчалык деле маани берген жок. Ушунчалык ачка болгон соң кирип нан менен колбаса алып өзүмдүн бөлмөмө кирип кеттим. Атам биз жокто жашап эле жүрсө керек деп ойлоп калдым.

Байкеме жете албай ыйлап чыктым. Ага чалып ичимдеги бугумду чыгарып алдым. Ал болсо мени алып кетээрин айтып соороткондой болду.

Тагдыр канчалык бизди сынаганы менен апанын орду такыр башкача экен. Ал бизге мээрим төгүп жакшы караган экен.