Жакында эле «НТС» телеканалында алып баруучу болуп иштеп келе жаткан төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевдин кызы Айзуура өзүнө айтылган айрым адамдардын сынына жооп кайтарды.

«Менин кудайым-менин жүрөгүмдө. Ошондуктан жүрөктү кирдетүүдөн корком ак болгон соң, кийимимдин түсүнүн мааниси жок деп билем! Урматтуу «1-2» адам, биздин башыбыздан өткөн кайгыны билбеген соң, оозго келгенди оттоп жазуунун кереги жок!

Сезимди ак кийгизип турмушка беремби, өзүм «жайнап» эфирге чыгамбы Өзүм билем. Ал үчүн дагы кийин мен жооп берем! Ата- энеме болгон урматым: менин сырткы чүпүрөгүм эмес, татыктуу жашап өткөн өмүрүм! Тигил жактан карап сыймыктана тургудай жашоо!

Менин бул күнгө чейинки көз жашымды, азыркы сагынычымды эч кимге каалабайм! Мындай жүктү көтөрүү оор экен…Жакындарыңыз ар дайым жаныңызда болсун!»,-деди Айзуура.