Саясат
Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна иш сапар менен барат
Премьер-министр Кубатбек Боронов 11-12-сентябрь күндөрү эки күндүк иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өкмөт башчы Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорундагы социалдык объектилердин курулушу, ички жолдорду реконструкциялоо, ирригациялык объектилерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат, ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат.