Акыркы сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында дагы 144 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрдагы брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Жаңы айыккандар:

— Бишкек шаарында 54 адам;

— Ош шаарында 1 адам;

— Чүй облусунда 11 адам;

— Ош облусунда 6;

— Талас облусунда 2;

— Нарын облусунда 3;

— Ысык-Көл облусунда 10;

— Жалал-Абад облусунда 33;

— Баткен облусунда 24 адам.

Бүгүнкүгө чейин Кыргызстанда 40 миң 631 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты.

Өлкөдө жалпысынан 44 миң 761 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды.