Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россиянын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынан изин жашырып  РФдин аймагында  жүргөн жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча иштерди улантып жатат.

 Жоопкерчиликтен  качуунун оңой жолу болуп кылмышкердин башка мамлекетке качып кетүүсү болууда. Азыркы учурда тергөөдөн жана соттон жашырынып качып кеткендерди издөөнү уюштуруу актуалдуу бойдон калууда. Бирок, аны чечүүчү фактор катары ар кайсы укук коргоо органдарынын ортосундагы мамилелер, КМШ өлкөлөрүнүн укук коргоо органдарынын кызматташуулары эсептелет. Издөөдө жүргөн адамдарды табуу жана кармоо үчүн алардын кайда жүргөндүгүн аныктоо максатында ар кандай издөө иштери ишке ашырылууда.

 Россиянын аймагында ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен өз мекенинде жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынган жарандардын кайда жүргөндүгү аныкталды.

Кыргыз Республикасынын жараны, Жалал-Абад облусунун тургуну 1979-жылы туулган Б.А. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 182-беренесинде (Жалган ишкерчилик) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2018-жылдын аягында издөөгө алынган.

   Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жараны,  Чүй облусунун тургуну  1960-жылы туулган А.Г. Москва районунун ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (или өчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2013-жылы издөөгө алынган.

           Жогорудагы эки факты боюнча издөөгө алган тараптар кабарланды. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аларды өз өлкөсүнө жиберүү боюнча маселелер каралып жатат.

 Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын дагы бир жараны, Чүй облусунун тургуну 1991-жылы туулган И.И. Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (или өчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2013-жылы издөөгө алынган.

 Азыркы учурда издөөдө жүргөн жаран кармалгандыгы боюнча издөө алган тарап кабарланып, Минск конвенциясына ылайык аны өз өлкөсүнө экстрадициялоо тууралуу меселелер чечилүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы