Көнүмүш адатка айланып калгандай, шайлоо өнөктүгү маалында популисттер менен бузуку-чагымчылдар активдешип чыга баштайт.

Мына ушундайлардын бири парламенттин экс-депутаты Бактыбек Калмаматов “Азаттык” радиосундагы талкууга чыгып, бийликке болгон баягы эле куру сын-пикирлерин айтып, такылдады. Тилекке каршы,биздин ЖМКда ушундай бекерчи сүйлөөк эксперт сөрөйлөрдүн сандырак кептерин жактырат. А Калмаматов болсо чымынды пил кылып көрсөтүп, аны саймедиреп, айтып берүү боюнча мыкты чебер.

Мындай куйткулугун ал 2010-жылы Апрель революциясынын алдында да көрсөттү эле. Жыл башында апрелде эмне болуп кетерин эч ким деле билген эмес эле, ошентсе да оппозиция январдан тарта Бакиев режимине каршы кырдаалды курчута баштаган. Бийлик буга жооп кылып криминалды колдонуп, оппозиция өкүлдөрүнө ар кандай кол салууларды уюштурган. Ошо кезде Калмаматов “Ата Мекен” партиясынын Оштогу ячейкасында мүчө эле. Бандиттер партия мүчөлөрүнүн бирин үйүнүн жанынан эле арматура менен башка чаап кетет, дагы башка бирөөсүнүн кызын уурдай качышат. Мына ошол күндөрдө Калмаматов обочо бир жерден жылуу жай таап алып, жашынып алып, телефондон гана жасап жаткан иштерин акырын отчет кылып айтып турган. Ошонтип күнүгө дагы кайсы зөөкүр чаап кетет деген коркуу сезим менен жашап калган убакта Калмаматов партиялаштарын криминалга  таштай салып, өз башын калкалап жүргөн.

Калмаматов Бакиевдин “Ата Мекен” партиясына киргизип ийген жашыруун шпиону да болушу толук мүмкүн. Анткени, ал кийин Жаныш Бакиевдин Кыргызстанга жашырынып кирип-чыгып жүргөндүгү боюнча укмуштай кабарларды айтып чыкты. Андай маалыматтарды керек болсо атайын кызматтар дагы билген эмес.

Калмаматовдун алдамчылыгы, митаамдыгы Текебаевдин көз жаздымында калып, парламентке чейин депутат болуп келди. Дал ушул “Ата Мекен” партиясынын аркасы менен анын аты билинип, Текебаевдин колдоосу менен кадыр-баркка жеткен.

Ал бир кездерде бир топ убакыт шефине колдоо көрсөтпөй, аркасын салып, акырындап сатып кеткен. Ошентип, 2015-жылы да, 2020-жылы да аны эч ким партиясына чакырган эмес. Жакшыдыр-жамандыр Текебаев 2010-жылдагы шайлоодо андан бир тыйын да албай депутат кылган. Калмаматов мындай пасчылык адаты менен эртеңки күнү дагы башкаларды сатып кете берет. Ошон үчүн аны бир дагы партия, бир дагы саясатчы жанына эмес, эшигинин алдына да жолоткон жок.

Азыр болсо өзүн өзү сооротуп, элге жага турган сөздөрдү издеп таап, элдин атынан сүйлөп, элдик адам болуп көрүнгүсү келип жатат.

Эч ким көңүл бурбай, жалгыз калган Калмаматов бийликке дайны жок бир сындарды айтып, кайрадан чагымчылдыгын баштады. Ал бийликти ар жак-бер жагынан сындасам эле, оозун басууга кайсы бир кызматты бере коет деген үмүттөнүп жүрөт.

Бирок, ал азыр башка мезгил келгенин, учурда кой оозунан чөп албаган момун кишилер жоктугун унутуп калгандай. Азыр элдин баары ким эмне максатта кыйкырып жатканын, алардын артында кимдер турарын, кандай максат менен чагым кылып жатканын жакшы түшүнүп калган.