Блогер блок

Алгач тымпыйып эле келген, чемоданын сүйрөп, бир жума өтүп өтпөй….

Шаарга көчүп келгениме аз эле болду, батир издеп жаңы конуштарды кыдырып, бир үйгө токтодум. Кожоюну да жакшы эже экен, тыпылдаган, көңүлү ачык, таза кармайт экен бөлмөлөрүн. Бул үйдү атайын батирге салганы көрүнүп турат. Баасын келишип, кечинде көчүп келдим. Бөлмөнүн ичин тазалап, ысырыктап чыктым . Эже тазалап актап, полдорун жууп коюптур. Бүт эле жаштар, жаңы үйлөнгөндөр анан студенттер экен бул короодо жашагандар.

Чай коюп эжени чайга чакырып жакындан тааныштык. Жаркылдаган жакшы эже экен. Аты Назира экен.Назира эже экөөбүз түн бир оокумга чейин сүйлөштүк. Эже мага бул үйдү качан салганын, кимдер жашаганын айтып берди.

Сага чейин бул үйдө бир кыз жашады. Жапжаш 17-18 де болсо керек. Алгач тымпыйып эле келген. Чемоданын сүйрөп, бир, эки ай жашайм деген. Бир жума өтүп  өтпөй күндө ар башка эркек жеткирип жүрдү, байкелери болсо керек деп элес албаган элем. 15 күндөй жашаган соң, уялбай эле чоң эле эркектерди үйгө ээрчитип, түнү менен тейлеп чыга баштады. Башка бөлмөдөгүлөр, эже ар ким менен жаткан кыз экен, балдарыбыз душка жуунат, колдонгон душубуз бир болсо, ооруу жугат деп кууп чыктык. Кийген кийими шумдук. Үстүнө бир майке кийет, ылдый жагына куйругун араң жапкан чолок шым кийет. Короодогу башка келиндер, күйөөлөрүн коргоп баштады. Аны кетирип,үйдү тазалап актап жууп чыккам, кооптонбой жата бер дейт эже.

Эки жылдан бери батир берем адамдарга, эчен түрдүү адам көрдүм. Жаш жубайлар келет, турмушту түк түшүнбөгөн. Түнү менен мушташып чыкканы болот. Бая күнү да бирөөсү  уруша кетип, милиция чакырып жолдошун коркута коем деп, ажырашып кетээрине аз калды. Дагы бир 4 кыз жашады, студенттер болчу. Акчасынын жарымын берген, түн ичинде качып кетишиптир.  Четки бөлмөдө бир жигит жашайт аялы менен. Аялынын боюнда бар.  Бир жума мурда аялын айылга кетирип, дос баласы менен эки кыз ээрчитип келиптир.  Ал кыздар мас буттарына араң турат. Кууп чыктым, аялыңа айтам десем жалдырайт мышыктай болуп. Азыркы жаштар эмнеге экенин билбейм, аябай бузулушкан, балким тарбия берүүдөн аксадыкпы деп эже үшкүрүнүп алды…

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button