Россиялык алып баруучу жана шоумен Артур Цветков Ассоль Молдокматовадан 1 миллион доллар өндүрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Анын айтымында, Ассоль Молдокматова кыргызстандык мигрант менен болгон чырды көтөрүп, Артур Цветковду “улутчул” деп атаган.

“Сыягы, ал бул сөздүн маанисин билбесе керек. Ошого карабастан, аял атайылап боордош кыргыз элинин бир бөлүгүн мага каршы койду, биз чыр-чатакты ошол замат чечишкенбиз, ушул күнгө чейин өлүм тилегисиз бир дагы таңды атырган жокмун“,- дейт.

“Мен эл алдында анын кайрылуу жасашын жана моралдык чыгым үчүн 1 миллион доллар талап кылам”,- деп жазат Цветков. 

https://www.instagram.com/p/CE87fbGj08_/