Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды, — деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 13:15те Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Подгорное, Кызы-Суу айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.