Ош облусунун аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 7-сентябрынан 9-сентябрына чейин  “Салам, мектеп!” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы болуп өттү.

Алдын алуу иш-чарасы мектепке барбаган жашы жете электерди аныктоо, аларды билим берүү мекемелерине окууга тартуу жана балдардын кароосуз калышына жол бербөө максатында өткөрүлдү.

Иш-чарага ички иштер органдарынын кызматткерлери, билим берүү, аймактык үй-бүлөө жана балдарды коргоо бөлүмүнөн, саламаттыкты сактоо өкүлдөрү, балдар комиссиясы жана башка мамлекеттик кызматтын өкүлдөрүнөн кызматкер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен коомдук жайлар, соода-саттык түйүндөрү, мечиттер, медреселер, футбол аянтчалар текшерилип, алардын ээлерине жана калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мектептерде окубаган 32 жашы жете элек аныкталып, билим берүү мекемелерине жөнөтүлдү. Турмуштук оор кырдаалга кабылган 60 жаш өсүрүм аныкталды. Ош ОИИБдин жашы жете электердин укук бузууларын алдын алуу борборуна 20, балдар үйлөрүнө, интернаттарга 7 жаш өспүрүм жеткирилди.

Жалпы аныкталган фактылар боюнча 34 маалымат тийиштүү мекеме-уюмдарга жөнөтүлдү, анын ичинен; билим берүү органдарына – 20, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга — 1, социалдык коргоо органдарына- 13.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы