Күн сайын, жок дегенде он беш мүнөт телефондон, интернеттен, телевизордон, маектештерден алыстап, жалгыз калып, жан дүйнөңдү тазалап ал. Бул, жан дүйнөнү тазалоо убактысы же өзүңө эсеп берүү убактысы деп аталат. Анда кечээки ушул убактан тарта азыркыга чейин кандай күнөөлөрдү кылганыңды тизмектеп, анан ошолор үчүн тобо кылып, кечирим тилейсиң. Кечээтен бери Аллах сага кандай жакшылыктарды берди, аларды санап, Аллахка шүгүрчүлүк айтасың.

Кечээтен бери жашоо-турмушуңа пайдасы тие турган кандай иштерди кылдың же зыяндуу иштерди жасап алдыңбы, ой жүгүртүп, жакшысын улантууга, жаманын таштоого бел байлайсың. Мына ушул он беш мүнөт сага өтө көп пайда берет. Бул он беш мүнөттөн кийин ордуңдан сергек турасың, көңүлүң ачылат, иштөө жөндөмүң артат, негизгиси жан дүйнөң эс алат.

Муну мен өз тажырыйбамдан билем, китептерден да окугам, пайдасын даана көргөндүктөн сага да сунуштайм. Жыйырма төрт сааттын он беш мүнөтүн жүрөктү көр дүйнөнүн көө-тозоңунан, куу турмуштун балит-ыпластыгынан тазалап, арылтууга бөл. Он беш мүнөт бул дүйнө-акыретиңе ой жүгүрт.

Ушул көнүгүү аркылуу жаман иштерге чекит коёсуң, тириликтин шуулдаган ыргагына үтүр коюп, андан ары аны башка багытта алып кете аласың. Жашоодо кетирген кемчилигиң да, жетишкен ийгилигиң да өзүңө белгилүү болот. Он беш мүнөттү эсиңден чыгарба, бул сага өмүр өткөнчө жардамчы жана кеңешчи болот. Он беш эле мүнөт…

«Бакыттын сырын ачтым» китебинен