Бүгүн, 11-сентябрда Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарынан кайрымдуу инсандардын атынан Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына 16 тонна Куран китеби келди. Ал китептер Муфтияттын түзүмүндөгү 9 казыятка таратылып берилмекчи. Бул тууралуу аталган дин башкармалыктан маалымдашты.

Куран китептен жалпы саны 34 миң даананы түзөт. Китептер диний окуу жайларга, өлкөнүн ар бир мечитине бөлүштүрүлүп берилмекчи.

Куран китебин Кыргызстанга алып келүүдө Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев бир катар мамлекеттик мекемелерге, мекендештерге Муфтияттын атынан жеке өзүнүн атынан ыраазычылыгын билдирди.

«Бүгүн жуманын улук күнүндө Сауд Араб Падышачылыгы тарабынан Кыргызстанга белек катары жиберилген Ыйык Куран китебин кабыл алдык. Бул китептер өлкөнүн бардык аймагындагы мечиттерде акысыз таратылып берилет. Китепте атайын мөөр басылган. Куран — Алла Тааланын эң акыркы улуу белеги жана нээматы. Бул китеп жашоонун жолдомосу, акыретте дагы түбөлүктүү бактылуу кыла турган ыйык китеп»,-деди Азирети Муфтий.