ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 3 тонна жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу, ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.
2020-жылдын 11-сентярбь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу боюнча ишщ-чараны өткөрүштү. Жалпысынан 1 гектар жерден 3 тонна жапайы өскөн кара куурай жок кылынды.
Аталган иш-чара “Манас” эл аралык аэропортуна жакын жердеги Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл өкмөтүндүн аймагында өткөрүлдү.
Ыкчам-алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө калк арасында баңги курамын камтыган өсүмдүктөрдү сактабоо, өстүрбөө, пайдаланбоо керектиги эскертилип, ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгы маалымдалды.