Литва Светлана Тихановскаяны Беларустун мыйзамдуу президенти деп тапты. Бул тууралуу резолюциянын текстинде айтылганын РИА Новости жазып чыкты

Литванын депутаттары эл аралык коомчулукту Тихановскаяны жана координациялык кеңешти колдоого чакырышты. 

Ошондой эле, алар Беларустун президенти Александр Лукашенконун аракеттерин жана кандайдыр бир жаңы макулдашууларды түзүүсүн аннексия (лат. annexio – кошулуу – башка мамлекеттин аймагын зомбулук менен өзүнө каратып алуу) катары баалоого чакырышты. 

Белгилүү болгондой, Беларуссияда  9-август күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, ал массалык акцияга айланган. Нааразылык акциясына чыккандар менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу болуп, эки тараптан бир нече адам жабыр тарткан. Тихановская шайлоонун жыйынтыгына ишенбей, кайра добуш берүүнү талап кылууда.