Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев 2020-жылдын  11-сентябрь күнү Нарын облусуна иш сапары менен барып, облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү менен таанышты.   Андан соң,  Нарын облусунун ИИБнын жыйындар залында борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын, райондук, шаардык бөлүмдөрдүн башчылары, Нарын ОИИББнын ардагерлеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.  Бул тууралуу, ИИМдин Басма сөз кызматынан билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо учурунда Нарын облусунун аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан даярдыктардын жүрүшүнө сарасеп салып,  ошондой эле өздүк курам арасында мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти сактоо боюнча бир катар талаптарды коюп, ага жетекчилери жоопкерчиликтүү экендигин эскертти.   Ошондой эле министр Кашкар Джунушалиев шайлоо мыйзамына кирген өзгөртүүлөр жана толуктоолорго токтолуп, ар бир милиция кыызматкери аны так  билип жана кылмыш-процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык иш жүргүзүүнү талап кылды. Ушул багытта Нарын ОИИБдин начальниги Улан Аалиевге  окутууларды кошумча өткөрүү керектиги боюнча тапшырмаларды берди.

Андан соң, Нарын облустук милициясы үчүн курулуп жаткан Нарын шаарындагы жаңы турак-жайдын курулушунун жүрүшү менен жеринен таанышып,  жетекчилерге сапатына жана өз убагында аяктоого өзгөчө көңүл буруу керектигин тапшырды. Жаңы курулуп жаткан турак-жайдын алдында Нарын облустук милициясынын ардагерлери менен жолугуп, маектешип жана аларды кызыктырган  суроолоруна жооп берүү менен бирге, коомдук тартиптип сактоодо кошуп жатышкан салымдары үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошону менен бирге ИИМ башчысы Кашкар  Джунушалиев милицияга кайрылган жарандардын арыздарына жана кайрылууларына мыйзам чегинде  өз убагында чара көрүү керектигин эскертип,  тергөөчүлөргө жана алгачкы текшерүүгө чейинки жоруктар иштери боюнча кызматкерлерге сотко чейин өндүрүш иштерин мөөнөттөрүнөн кечиктирбей чечимдерди кабыл алууну тапшырып, кемчиликтерди кетирбөөнү жана ал үчүн тиешелүү жетекчилик көзөмөлдү күчөтүү зарыл деген талаптарды койду.

Кочкор райондук милициясынын курулуп аяктайын деп калган имаратынын курулушу менен кенен таанышып, аны тез арада бүткөрүү керектигин да белгиледи.

Нарын облусуна болгон иш сапардын алкагында Нарын шаарынын, Нарын, Кочкор райондорунун ички иштер бөлүмдөрүндө болуп,  кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттары  менен таанышып, өздүк курам менен жолугуп, мыйзамдуулукту сактоо,  кызматтык тартипти бекемдөө, кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле жарандарга сылык мамиле жасоо керектигин эскертти.