Жээнбеков: Өлкө качан өнүгөт? Качан ар ким өз милдетин так аткарганда өлкө өнүгөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди.

Мамлекет башчысы суроолорго жооп берип жатып, өлкөнүн өнүгүүсүнө токтолду.

“Өлкө качан өнүгөт?

Качан ар ким өз милдетин так аткарганда өлкө өнүгөт. Өзүнүн милдетин дагы, укугун дагы бирдей билгенде өлкө өнүгөт.

Партиялар азыркы кырдаалда саясий гана маданиятка эмес, социалдык да маданиятка таасир этип жатышат.

Мына көрүп жатабыз, үгүт иштерин жүргүзүп жатышат.

Айрым партияларда эл менен жолугушууларда маска тагынуу, социалдык дистанцияны сактоо деген жөнөкөй нормалар сакталбай жатат.

Майда деп, буга маани бербей койгонго болбойт.

»Эл башкарам, элдин тагдырын чечем» деген азаматтарыбыз бул маселеде да элге үлгү болуш керек деп эсептейм.

Жалпысынан айтканда, алдыдагы шайлоо мыйзамдуу өтүп, парламенттик демократиянын калыптанышына салым кошот.

Президент катары, мурда да айткам, кайталап кетейин, шайлоолордун мыйзамдуу өтүшүнө бардык аракеттерди жасайбыз.

Буйруса, шайлоо мыйзамдуу өтөт. Баарына тең бирдей шарт түзүлөт. Ар бир партияга, ар бир талапкерге, ар бир жаранга шартты бирдей түзөбүз”, – деди президент.