Бүгүн, 13-сентябрда Сары-Өзөн Чүй жергеси шайлоо ѳнѳктүгүнүн алкагында «Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын лидерлери менен талапкерлери катышкан үгүт кербенин жылуу маанайда  тосуп алды. Жаркыган аба ырайы менен жолугушууга келген жергиликтүү тургундардын маанайы шайкеш келип, жолугушуу кызуу маанайда өттү. 

Ар улуттун өкүлдөрүн өз койнуна батырган кучагы кең Чүйдүн эли алдыдагы шайлоого “Биримдик”  партиясынын курамында  эл намысына жараган уул-кыздарын аттантып жатышат. Алардын катарында “Биримдик”  партиясынын талапкерлеринин тизмесин баштаган Акылбек Жамангулов, Бакирдин Субанбеков, Канат Жумагазиев, Пархат Тулендыбаев, Айнура Аскарова, Бакыт Жетигенов, Искендер  Кадыркулов, Гюльшат Асылбаева, Курманбек Молдокулов, Абдумежит Юрсуров, Аида Исмаилова  жана башкалар бар. 

Жолугушуунун жүрүшүндө, талапкерлер “Биримдик”  партиясынын программасы жана идеологиясы тууралуу кеңири маалымат беришти. Партия лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров партиянын программасы, курамы тууралуу буларды айтты: “Биздин программа элди алдай турган программа эмес. Биз аны түзүп жатканда колубуздан келе турган, аткарууга мүмкүн болгон нерселерди камтыдык. Биз укуктук мамлекетте жашайбыз. Мыйзам чыгаруу бийлиги сөзсүз иштеши керек. Кайсы партия келбесин ал элдин кызыкчылыгы үчүн гана иштеп, кызматын кылышы керек. Биз талапкерлердин  улутуна,  динине, тилине караганыбыз жок. Биз анын аткарган иштерине көңүл бөлдүк.  Биздин программа жана курамдын артыкчылыгы ушунда”.

Ага улай сөз алган дагы бир талапкер, ЖКнын вице-спикери Аида Касымалиева шайлоочуларга:  “Эгемендүүлүккө ээ болгон 30 жыл эсибизде эмне менен калды? Аны баарыбыз көрүп, билип турабыз. Эми, биз өзүбүздү таанууга, умтулууга, өзгөрүүгө мезгил келип жетти. Биз бул мүмкүнчүлүктү түздүк жана сизге багыт беребиз. “Биримдик”  партиясы саясат айдыңында жаңы идеологияны сунуштап жатат.  Ал биздин үрп-адатыбызга, салт-санаабызга, нарк-насилибизге негизделген идеология” — деди.

Улукбек Кочкоров  ж.б. талапкерлер элге өз кайрылууларын жолдоп, алдыдагы шайлоо өлкө тагдырын  чечүүчү мааниге ээ экендигин, бул шайлоо көп улуттуу кыргыз элинин ички биримдигин бекемдеп, алдыга ишенимдүү кадам таштоо менен өнүгүүгө өбөлгө түзө турганын бир ооздон баса белгилешти. 

“Биримдик” партиясынын эң жаш талапкерлеринин бири, мурдагы ЖК депутаты  Акылбек Жамангулов Ысык-Атанын  элинин ишенимине жана ак батасына ыраазычылык айтып, “Ысык-Ата району мен үчүн үлгү катары саналат, бул жерде «Абдыш-Ата», Кант цемент заводу, «Аталык», «Тойбосс», «Кант Сүт» жана башка ири ишканалар бар. Бул компаниялар Кыргызстандын экономикасына үзүрлүү салымдарын кошуп келе жатат. Биз өлкөнүн бардык райондорундагы аталган компаниялар сыяктуу кичи жана орто бизнести колдоону, ошондой эле жаңы ишканаларды түзүү иштерин улантып, жылына 5% жеңилдетилген насыяларды берүү менен агросекторду өнүктүрүүнү колго алабыз.  2020-жылдын 4-октябрында өлкөбүздүн жакынкы жылдардагы тагдыры чечилет. Эгер сиз мекенибиздин гүлдөп-өсүшүн жана биримдигин чын жүрөктөн кааласаңыз, добушуңузду Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жолун билген, татыктуу партиялардан аттанган талапкерлерге бериңиз. Биз биримдик менен жеңебиз!” — деп билдирди.

Ысык-Ата элинин кадырлуу аксакалы  Сааданбек Молдокулов “Биримдик”  партиясынан аттанып жаткан талапкерлерге ак батасын берип, жеңиш каалады.   Жолугушуу партиянын тарапташтары жана  талапкерлердин жалпы сүрөткө түшүүсү менен аяктады. 

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.